Кыргыз тили күнү

Бүткүл өлкөнун алкагында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик тилдин 30 жылдык
юбилейин өткөрүү боюнча, КРнын дин иштери боюнча Мамлекеттик
Комиссиясынын суранычы боюнча, 2019-жылы 27-октябрда Римдик-католиктик
өкүл ыйык Архангел Михаилдин Бишкекке келишине карата да маданий
программалар даярдалды: кыргыз тилиндеги ырлар окулуп, ырдалып,
кызыктыруучу кросворддор болуп, аны баары биргеликте чечишти жана
адаттагыдай эле боорсок менен чай ичүүлөр болду.

Кыргызстандагы Апостолдук Админстратор, Энтони Коркоран, өзүнүн кыргыз
тилинде сүйлөгөн сөзүндө ар бир адамдын жашоосунда жана бүтүндөй өлкөдө,
ошондой эле, элдин рухий жашоосунда да тилдин өзгөчө маанилүүлүгүн
белгиледи. Бул иш-чарага КРнын дин иштери боюнча Мамлекеттик
Комиссиясынын атынан диний уюмдар менен өз ара иштешүү жана эчксперттик
бөлүмдүн башкы адиси Байгазиев Адилет Бактыбекович катышты.