Католикалык Чиркөө бул эмне?

Римдик Папа Франциск католиктик жаштар менен

Римдик Папа Франциск католиктик жаштар менен

Машайакчылык деген эмне?

Машайакчылык эки миң жыл мурун Ыйса Машайак тарабынан негизделген. Ал Ысрайылда төрөлгөн, Кудайдын сүйүүсүн жана күнөөлөрдүн кечирилишин насаат кылып айткан, оорулууларды айыктырган жана жин ооруулардан жиндерди кууп чыккан. Анын шакирттери (он эки элчи) Аны Машайак, Куткаруучу жана Кудайдын Уулу деп аташкан. Ал Өзүн Кудайдын Уулу деп атаган үчүн, Аны Иерусалимде айкаш жыгачка кадашкан, бирок, Ал үчүнчү күнү тирилип жана Өзүнүн шакирттерин чогултуп, аларга Кудайдын Падышачылыгын жана күнөөлөрдүн кечирилишин дүйнө жүзү боюнча насааттоону буйрук кылды. Ошентип, Жыйын пайда болду. Эң башында Машайакчылык Рим Падышачылыгы тарабынан катуу куугунтукталган (бүгүнкү күндө да бул нерсе бат-бат болуп турат мисалы, мусулман өлкөлөрүндө), ошол үчүн ишеним үчүн азап тарткандар машайакчылар тарабынан сыйга ээ. Ар кайсы өлкөлөрдө Кудайга кызмат кылуу ар түрдүү тилдерде өткөрүлгөнүнө жана өткөрүү салттары аябай айырмаланганына карабастан, алгачкы миң жылдыкта Чиркөө жана ишеним бирөө болгон.

1054 – жылы саясий себептерден улам Чиркөө Православдык (башкача айтканда Чыгыштык же Гректик) жана Католикалык (демек Батыштык же Латиналык) болуп бөлүндү. 1517-жылы Чиркөө кайрадан бөлүндү. Мартин Лютер (католиктик монах жана ыйык кызмат кылуучу болгон) католиктик окутуу бөлүгүн баштады жана протестантизмди негиздеди. Бүгүн протестантар ар түрдүу бутактарга бөлүнгөн – мисалы: лютерандар, баптистер, элүүнчүлөр, харизматтар жана башка.

Машайакчылык ишенгендердин саны боюнча, дүйнөдө эң чоң дин: 2,2 миллиарддан ашык адамдарды өз ичине камтыйт. Алардын арасынан эң чоң Чиркөө Католиктик: 1,3 миллиарддан ашык – бул болжол менен бардык индустардын саны менен барабар. Католиктик Чиркөө Православдык Чиркөөдөн болжол менен 7 эсе чоңураак. Салттык католиктик өлкөлөр бул мисалы: Италия, Испания, Ирландия, Франция, Польша, бардык түштүк Америка, Филипинде. Германияда, АКШда, Канадада же Австралияда католиктер саны боюнча эң көп. Көптөгөн Африкалык өлкөлөрдө, мисалга ала турган болсок: Угандада, Конгодо жана Анголада католиктер калктын жарым бөлүгүн түзөт окшойт.

Католиктердин жана православдыктардын ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

Айырма анча чоң эмес. Католиктерде чиркөөнүн башчысы бул Римдик Папа – азыр бул аргентиналык Франциск. Православдыктар Папаны кабыл алышпайт. Ар өлкөлөрдө өзүнүн патриархы бар. Католиктер арасында ар дайым ар кайсы улуттагы адамдар бар. Кыргызстанда болсо, бул адатта православдыктар орустар же украиндиктер.

Католиктердин жана протестанттардын ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

Католиктер да, протестанттар да Ыйсаны Кудайдын Уулу жана Куткаруучу катары таанышат, экөө үчүн тең Библия – Ыйык китеп. Протестанттар католиктердеги көбүнчө ыйык, жашыруун сырларды (Евхаристия, ыйык кызмат кылуучулук сыяктуу) жана кээ бир ырымдар жана салттарды (мисалы ыйыктарды, иконаларды урматтоону кабыл алышпайт) алып салышкан.

 

Ыйык Петир собору дүйнөдөгү эң чоң чиркөө

Ыйык Петир собору дүйнөдөгү эң чоң чиркөө

 

Католиктердин жана мусулмандар арасында кандай айырмачылыктар бар?

Алгач алардын көптөгөн жалпылыктары бар экендигин моюнга алыш керек. Мунун себеби, бул эки дин Ыбрайымдан пайда болгондугунда. Машайакчылар дагы, мусулмандар дагы бир Кудай бар экенине, Ал дүйнөнү жана адамды жаратканына, Ал адамдарга периштелерди жана пайгамбарларды жибергенине (биринчи Адам, андан кийин көптөгөн башка Ной, Ыбрайым, Ысаак сыяктууларды), Кудай адамдарга Ыйык Китептерди (Тоорат, Пайгамбар, Забур, Инжил) бергенине ишенишет. Акыркы заманда Кудай бардыгын алардын иштери боюнча соттойт. Кудайдын осуяттарын аткарышкан адамдар бейишке чыгат. Кудайды укпагандар жана башка адамдарга жамандык кылышкандар тозокко (түбөлүктүүү от) түшүшөт. Экөө тең Марияны, Ыйсанын Апасын ыйык катары урматташат.

Айырмасы эмнеде? Машайакчылар Мухамедди пайгамбар деп эсептешпейт. Алар үчүн Куран ыйык китеп эмес. Мусулмандар Ыйсаны Кудайдын Уулу, Куткаруучу эмес, пайгамбар гана болгон деп эсептешет. Машайакчылар адам алсыз жана Кудайдын жардамысыз өз жанын куткара албайт жана Кудайдын Осуяттарын аткара албайт деп ишенишет. Инжил чындыктын өзүн билүү куткарбайт, Ыйса биз түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн Кудай тарабынан биздин куткарылуубуз үчүн жиберилген Кудайдын Уулу экендигин үйрөтөт. Мусулмандар адам жакшы иштерди кылуу жана Кудайдын буйруган салттарын аткаруу аркылуу өз күчтөрү менен куткарыла алат деп эсептешет.