Кыргызстандын католик чиркөөсүндөгү Жакшы Кайтаруучунун жекшембиси

Католик чиркөөсүндөгү IV Пасха жекшембиси Жакшы Кайтаруучунун жекшемби күнү. Акыркы салтка ылайык, бул күн Бишкектеги Архангел Михаил чиркөөсүнүн динчилдери үчүн өзгөчө майрам болуп калды. Кудайга сыйынуу бүткөндө ыймандулар ийбадатканада даамдуу тамакка чогулушту, ал эми чиркөөнүн башчысы тарабынан болсо Өзүнүн койлору үчүн жанын берген Жакшы Кайтаруучу Ыйса жөнүндө окуулар жана насаат айтылды.

Сүйлөшүү концерт менен коштолду, жетектеген чиркөө жамаатындагы жаштардын музыкалык тобунун ырлары аткарылды. Чиркөө жамаатынын балдары, Польшанын «Одродзиение» коомунун балдары жана чиркөөнүн мүчөлөрү абдан сонун ырларды ырдашты.