Кыргызстандагы католиктер Ыйык Четыредесятница (Dies Cinerum) күн майрамынын өзгөчө мезгилине киришти

2024-жылдын 14-февралында, шаршемби күнү Католик чиркөөсүндө латын каадасынын башына күл чачуу («Башына күл чачуу шаршембиси) Пост башталды! Кыргызстандагы католиктер Ыйык Четыредесятница (Dies Cinerum) күн майрамынын өзгөчө мезгилине киришти. Машаяктын Пасха майрамына даярдануунун бул өзгөчө мезгили Азап Жумасында Улуу Бейшемби күнү аяктайт. Кудайдын Тоюнун Мессасы Пасханын Ыйык Үч күнүн ачат.

Кыргызстандагы башка католик чиркөөлөрүндөй эле Бишкектеги Архангел Михаил чиркөө жамаатында да Ыйык Месса окулган. Месса учурунда момундун башына күл себилди, ырым жасалды. Бул тообо кылуу дегенди билдирет. Мурда мындай ырым «тобо кылуунун ырымы» (ordo poenitentium) деп аталган инициация ырымынын бир бөлүгү болгон. Бул ырым-жырымдан «Күл шаршемби» («Башка күл чачкан Шаршемби») деген ат келип чыккан. Бул ырым-жырымды аткарып жатып, ыйык кызмат кылуучу мындай дейт: «Эсиңде болсун, адам, “сен топураксың, топуракка кайтып келесиң”» (Башт. 3:19). “40” саны Ыйык Китепте даярдануу, тазалануу жана өкүнүү мезгилин көрсөтөт – бул тобо кылууну Кудайга жакындатуу жана Пасханы майрамдоого даярдануу.