Епископ Николай Мессмердин дүйнөдөн кайткандыгынын сегиз жылдыгы

2024-жылдын 18-июлунда Бишкектин биринчи епискобу, ыйык кызмат кылуучу Николай Мессмердин ОИ каза болгонуна 8 жыл толду. Бул күнү Кыргызстандагы католик чиркөөсү епископту сыйынуу менен эскерип, анын Кудайга жана Анын Чиркөөсүнө болгон ишенимдүүлүгүн жана чексиз берилгендигин белгилешти.  Чиркөөнүн коомунун башы ыйык кызмат кылуучу Ремигиуш Кальски ОИ жана Бишкектеги ыйык Архангел Михаил чиркөөнүн коомунун ыймандуу католиктери анын мүрзөсүндө сыйынышты.

 Николай Геранимович Мессмер 1954-жылы 19-декабрда Карагандада (Казак ССРи) көп балалуу немис-католик үй-бүлөсүндө туулган. 1975-жылы 1-сентябрда Николай Мессмер иезуит орденине кирген. 1989-жылы 28-майда Ригада дин кызматына дайындалган. 1989-жылы дин кызматына дайындалгандан кийин, ошол эле жылы ыйык кызмат кылуучу Николай Бишкек шаарындагы (мурдагы Фрунзе) Архангел Михаил чиркөөсүнүн башчысы болуп, 1989-1997-жылдары башчы болуп иштеген. Анын мурунку чиркөөсүнүн башчысы, ыйык кызмат кылуучу Богдан (Готлиб) Тодавчич (ЧСВВ) болгон. 2001-жылдан 2004-жылга чейин ыйык кызмат кылуучу Николай Мессмер Римдеги (Италия) Папа Григориан университетинде окуп, рухий илим боюнча лицензиялык даражаны алган. 2006-жылдын 2-июнунда Римде ыйык кызмат кылуучу Николай епископ болуп дайындалды; хиротонияны Ыйык Тактын мамлекеттик катчысы Анджело Содано өткөрдү. 2006-жылдын 2-июлунда Бишкектеги Ыйык Архангел Михаил чиркөөсүндө епископ Николай Мессмер кызматка кирди. 2010–2011-жылдары анын жетекчилиги астында Бишкектеги Ыйык Архангел Михаил чиркөөнүн имаратын капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

2010-жылдары Талас шаарында ыйык Николай Флюэ атындагы храмдын курулушу башталган. 2019-жылдын 6-октябрында храм ыйыкталган. 2016-жылдын 18-июлунда епископ Николай Бишкекте каза болгон. Маркумдун сөөгү 2016-жылдын 26-июлунда Бишкектеги түндүк көрүстөнүнө коюлган.

 Епископ Николай Мессмердин гербинин астында «Кудай менин баш калкалаар жайым» (Dominus refugium meum) деп жазылган.

Бул сөздөрдү Бишкектин биринчи епискобу – ыйык кызмат кылуучу Николай Мессмердин бүткүл өмүрүнүн жана пастордук кызматынын урааны менен байланыштырса болот.