Кыргызстандагы католик чиркөөсү Рим папасынын күнүн белгиледи

2024-жылдын 6-октябрында, жекшемби күнү, Бишкектеги Ыйык Михаил Архангел чиркөөсүндө,  архиепискобу Георг Панамтундилдин төрагалыгы астында, Папа күнүнө арналган салтанаттуу диний кызмат өткөрүлдү.

2024–жылдын 4-октябрында Кыргызстан жана жергиликтүү католик чиркөөсү үчүн маанилүү тарыхый окуя болуп өттү-Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ватиканда Папа Франциск менен жолугушуусу, анда Ватикан, Кыргызстан католик чиркөөсү жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын маанилүү аспектилери талкууланды.

Апостолдук нунций ГеоргПанамтхундил чиркөөдө катышкандардын баарына жылуу сөз сүйлөп жатып, окуянын маанилүүлүгүн белгиледи. «Адамдын кадыр-баркы» деген декларациясында Рим папасы Франциск ар бир адамдын кадыр-баркын Кудай берет, анткени Кудай ар бир адамды сүйөт деп ырастайт. Архиепископ Апостолдук администратор Антоний Коркоранга, анын иш сапарын жана Кыргыз Республикасынын бийликтери менен жолугушуусун даярдаган жардамчыларына жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.