Кыргызстандын католиктеринин Апостолдук администратору Евразия епископторунун жолугушуусуна катышты

19-22-сентябрь 2024-жылы Астанада Евразия епископтору менен ординарийлеринин бир туугандык жолугушуусу болгон. Жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Россия, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Монголиядан епископтор жана ординарийлер катышты. Евразия епископторунун бул жолугушуусуна Кыргызстандын католиктеринин Апостолдук администратору Антоний Коркоран ИО катышты. Астанадагы Евразия епископторунун жолугушуусу жеке мүнөздө өттү. Бул күндөрдүн ичинде епископтор менен ординарийлер биргелешкен сыйынууга чогулуп, жумушчу жолугушууларды өткөрүштү, мурдагы Акмоло мекениндеги чыккынчы аялдар лагеринин (АЛЖИР) мемориалдык комплексине жана башка эстелик жана маанилүү жерлерге барышты.

Бул тууралуу көбүрөөк билүү үчүн караңыз: >>>